«Ынтымактуу Жашоо» долбоору алкагында жетишкендиктер

Новости

«Ынтымактуу Жашоо» долбоорунун алкагында медиаторлор жигердүү иштеп жатышат. Ар бир облустагы медиаторлор жана алардын менторлору биргеликте иш алып барып, күн сайын жарандардын чыр-чатактарын чечүүгө жардам берүүгө даяр. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча 188 ашык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүп, 5 медиативдик макулдашуудан ашык кол коюлду.

Биздин медиаторлор өзүнүн кесипкөйлүгүн мыкты деңгээлде көрсөтүүгө аракет кылууда. Ар ай сайын аларга супервизорлор белгилүү бир суроо талабы боюнча онлайн жолугушуу өткөрүп, кеп-кеңештерин берет. Мындан ары да биздин медиаторлордун көптөгөн жетишкендиктери болот деп эсептейбиз, жарандардын чыр-чатактарын чечүүгө жардам берүү менен өлкөдөгү ынтымактуу жашоону түзүүгө салымы чоң болот. Эгерде сизде үй-бүлөлүк, эмгек жаатындагы, кошуналар арасында, коммерциялык, жер-суу бөлүштүрүү боюнча чыр-чатактар жана келишпестиктер чыкса, аларды чечүүдө кыйналып жатсаңыз, биздин медиаторлорго кайрылсаңыз болот. Медиаторлордун байланыш номерлерин биздин сайтта медиация кызматтары аттуу жерден таба аласыз.

«Ынтымактуу Жашоо» долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, International Alert жана Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү Саясат институту тарабынан ишке ашырылат.

Оцените статью
Добавить комментарий